• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна түшкөн таштар тазаланууда

21 Чын куран 202513:12 Бишкек Govori.TV

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна түшкөн таштар тазаланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде жааган жамгырдын кесепетинен унаа жолдун Арал – Казарман тилкесинин 287-288-чакырым аралыгында таш көчкү түшүп, жолдун эки багыты тең жабылган.

№18 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан керектүү атайын техникалар тартылып, жолдун бир тилкеси ачылды. Тоо бетинен түшкөн таштардын көлөмү чоң болгондуктан, аларды майдалоо жана бөлүү үчүн кошумча техника тартылууда.

Көчкүнүн болжолдуу көлөмү 800 метр куб түзөт.

Количество просмотров: 195