Бүгүн, 24-июлда саат 12:00дөр чамасында Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 280–281-чакырым аралыгында тоо бетинен ири көлөмдөгү таш көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, аталган тилкеде тазалоо иштери жүрүп жатат.
Таш көчкүнүн көлөмү такталууда.
Жол убактылуу жабык болгондуктан айдоочуларга башка альтернативалуу жол багыттарын пайдалануу сунушталат.