• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түндүк-Түштүк унаа жолуна таш түшүп, жол жабылды

13 Бугу 202616:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-майда саат 15:30 чамасында Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 241,5 чакырымында таш түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана инженердик техникалар тартылып, жолду ыкчам тазалоо иштери башталды.

Министрлик айдоочуларды сак болууга жана унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоого чакырат.

Количество просмотров: 158