Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу тазаланып, кыймыл калыбына келтирилди.
Жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин жана ылдамдыкты так сактоону өтүнөбүз.
Белгилей кетсек, таш нөшөрлүү жаандан улам аталган унаа жолдун 260-274-чакырым аралыгына түшкөн.