11-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарына кирүүчү альтернативдик жолдун курулушу менен таанышып, январь айына чейин бүтүрүүнү тапшырды.
Жолдун курулушунун алкагында буздурулушу керек болгон турак жайлардын ээлерине мыйзам чегинде компенсация төлөп берүүнү жана түшүндүрүү иштерин да активдүү жүргүзүүгө тапшырма берди.
Эгер жолдун курулуш иштери ушул жылдын декабрь айларында бүткөрүлбөсө тийиштүү чаралар көрүлөөрүн эскертти.
Ал эми, Транспорт министрлигинин өкүлү коюлган мөөнөткө жумуштар аткарыларын билдирсе, президенттин Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү иштин жүрүшүн көзөмөлгө алып, уюштуруу иштерин тездетүү милдетин алды.