• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Түндүкэлектр» 5 миңге чукул абоненттерди аралыктан өчүрөт

15 Жетинин айы 2021 16:00 Бишкек Govori.TV

Эртең, 16-ноябрда «Түндүкэлектр» ААК 4,6 миңден ашуун абонентин, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Белгилей кетсек, жалпы дебитордук карыз 12,1 млн.сом түзөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектрдын» расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматта, ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

«Акылдуу эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Северэлектро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 147