• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өлкөдө күйүүчү май тартышпы? Миңдеген абоненттин жарыгы өчүрүлөт

25 Аяк оона 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

САМАКОВ МАНДАТ АЛДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин округунан шайланган Кубанычбек Самаков мандат тапшырды. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалат.

Аталган округда 10-сентябрда кайра шайлоо өткөн. Анда 24 талапкердин ичинен эң көп добушту Самаков алган.

Эске салсак, аталган округдан депутат болгон Жаныбек Абиров мандатын өз ыктыяры менен тапшырган. Ага Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышканы себеп болгон.

МИҢДЕГЕН АБОНЕНТТИН ЖАРЫГЫ ӨЧӨТ

Эртең, 26-сентябрдан баштап, Бишкекте 6 миң 800 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ​​ишканасынан кабарлашты.

Ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн компания абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүү керектигин эскертти.

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ ТАРТЫШ ЭМЕС

 Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар тартыш эмес. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2023-жылы 21-сентябрда Россияда бензин жана дизель майын экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. Мындай чара ички рынокту турукташтыруу үчүн киргизилген.

«Бирок, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнө, анын ичине Кыргызстанга тиешеси жок. Дизель майынын баасы жайдан бери көп жолу өзгөрүлдү. Эксперттер дизель майына болгон баанын өсүшүн «көмүскө» эксперттоо менен байланыштырышууда. Россияда чектөөлөр киргизилгенден кийин күйүүчү майдын баасы арзандай баштады. Санкт-Петербург эл аралык соода биржасынын маалыматы боюнча, 21-сентябрда бензин 5,7%, дизель майы 2,15% арзандады»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 108