• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түндө кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

11 Жалган куран 2022 9:24 Бишкек Govori.TV

11-мартка караган түнү саат 02:50 чамасында кыргыз-тажик чек ара тилкесинде ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Эки-Таш тилкесинде тажик чек ара отряды унаа жолдон өтүп бараткан унааларга таш ыргыта башташкан. Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек ара отрядынын унааларга таш ыргытууну токтотуу талабына көңүл бурушкан эмес. Алар тажик аскерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу үчүн асманга эскертүүчү ок атууга аргасыз болушкан.

«Бул учурда Тажикстандын ушул аймакта кызмат өтөп жаткан дагы бир чек ара отряды кыргыз чек арачылары турган байкоочу мунарага ок чыгарган. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара отряддарынын ортосунда атышуу башталып, ал 20 мүнөттөй созулуп, саат 03:10до аяктаган. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жана жабыркагандар жок.Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгаштырылган КР УКМКнын ККК бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.»,-деп айтылат маалыматта.

Чыр-чатактын мындан ары курчуп кетпеши үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң окуя болгон жерде жолугушуу өткөрүштү.

Количество просмотров: 66