• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түндө Кыргызстандын аймагында 2 ирет жер титиреди

24 Үчтүн айы 2024 10:48 Бишкек Govori.TV

24-январга караган түнү кыргыз-кытай чек арасында эки ирет, бүгүн эртең менен Кыргызстандын аймагында 2 ирет жер жер титиреди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-январда саат 01:11де кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта, Тоң районунун Кажы-Сай айылынан 147 чакырым түштүк-чыгышта жайгашып, күчү аталган айылдарда 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле жер титирөө Кытайдын аймагында саат 02:38де кайталанып, күчү 6.5 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында 3 баллга (Ыштык айылынан 64 чакырым түштүк-чыгышта, Кажы-Сай айылынан 165 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Ал эми бүгүн эртең менен Кыргызстандын аймагында саат 06:05те очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Кара-Саз айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Туура -Суу айылынан 25 чакырым түштүк-батышта, Кочкор айылынан 30 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Жердин силкинүүсү калктуу конуштарда сезилген жок.

Экинчи жер титирөө эртең мененки саат саат 08:39да кайталанып, очогунда күчү болжол менен 4 баллга жеткен. Очогу Жергетал, айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Нарын шаарынан 34 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Жерге-Тал, Казан-Куйган, Тегерек, Оттук, Кызыл-Жылдыз айылдарында 3 балл, Ылайлы-Суу, Шоро, Жан-Булак, Эмгекчил, Ак-Талаа, Эчки-Башы айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 1242