• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Түнкү рейд: Ысык-Көлдө көңүл ачуучу жайда, компьютердик клубда жүргөн өспүрүмдөр аныкталды

14 Теке 2022 10:14 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун курорттук аймагында «Өспүрүм-түн» аталышындагы рейд жүрдү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара түн ичинде ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн балдарды аныктоо максатында уюштурулган.

«3 күндүк рейддин жүрүшүндө өспүрүмдөр түнкүсүн көп чогулчу компьютердик салондор, түнкү клубдар, кафелер, дискотекалар, сейил бактар жана скверлер сыяктуу жайлар текшерилди. Натыйжада ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 12 бала аныкталган. Дайынсыз жоголгон 2 бала табылып, ата-энелерине кайтарылып берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Рейддин жыйынтыгында 5 протокол түзүлүп, ата-энелердин ар бирине 1000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Количество просмотров: 224