• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түптө 14 жаштагы өспүрүм өз жанын кыюуга аракет кылды

23 Тогуздун айы 202019:33 Бишкек Govori.TV


Ысык-Көлдүн Түп районунда 14 жаштагы өспүрүм өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 21-октябрь күнү болгон. Анда өспүрүм сарайга барып асынмакчы болгон. Аны чоң атасы сактап калган.

«Азыр окуучу Түп райондук оорукансында жандандыруу бөлүмүндө жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Түп райондук милициясы фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки тергөө башталды.

Количество просмотров: 204