• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түптө сел жүрдү (видео)

25 Баш оона 202114:35 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 24-август күнү саат 18:10 чамасында Түп районунда жааган жамгырдын кесепетинен Шаты айылында кокту-колоттордон келген суулар 2 турак үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолду каптаган. Ал эми Балбай айылында кокту-колоттордон келген суулар көрүстөндү каптаган.

Учурда суу тартылып коркунуч жок. Тазалоо иштерине ӨКМнын Түп райондук бөлүмүнүн башчысы, 2 офицер, 3 кызматкер жана 1 жүктөгүч техника иш алып барган. 25-август күнү тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүп жатат.

Количество просмотров: 324