• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкөнүн түштүгүндө сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда

22 Чын куран 20249:21 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 22-23-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарга селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.

Количество просмотров: 96