• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Төрөбаев өкмөт башчыга жана К. Жунушалиевге кайрылуу жасады

5 Теке 2019 11:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

ЖК депутаты, “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылуу жасады. Эл өкүлүнүн билдирүүсү толугу менен беребиз…

Урматтуу Мухаммедкалый Дуйшекеевич!

Урматтуу Кашкар Астаканович!

2-июль күнү Екатеринбург шаарында “Кыргызстан-Урал” коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримовдун чак  түштө  кылмышкерлерлердин колунан  каза  табышы, чет  жерде  эмгектенип жүрүшкөн 1 миллионго жакын мигранттарыбыздын  коопсуздук  маселесин кайрадан ортого чыгарды. Бул – мигранттарга жасалып  жаткан алгачкы же акыркы кол салуу  деп айтууга  азырынча эрте.
 Жыл сайын 2,5 млрд доллардан ашуун акча которуп, экономикага эбегейсиз салым кошуп жаткан мекендештерибиздин чет өлкөдөгү  укуктары, коопсуздугу, кызыкчылыктары корголобу  деген суроо учурда коомчулукта   орчундуу болуп турат.
Биз Кыргызстанда завод-фабрикаларды куруп,  жарандарга жумуш орундарын түзүп бере албагандыктан,  алар  бөтөн жерде жокчулуктун айынан  үй-бүлөсүн  багуу максатында иштеп  жатышат.  Андыктан, жарандарыбызга өз өлкөсүндө иштеп, акча табуусуна  шарт  түзүп бере албаган  Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин дагы кандайдыр бир  деңгээлде күнөөсү бар деп эсептейм.
Мекендешибиздин  өлүмү боюнча тергөө тобу  тарабынан   түрдүү версиялар айтылып  жатат. Маалыматтар боюнча кылмышкерлер акчасын тартып  алуу максатында  карактап, соңунда атып кетишкен. Ошондуктан,  Екатеринбург шаарынын  укук коргоо  органдары кылмыш ишин тыкыр иликтеп, кол салуунун чыныгы себебин аныктайт  деп үмүттөнөм.

Урматтуу Мухаммедкалый Дуйшекеевич!

Сиз  Өкмөттүн башчысы катары баардык тиешелүү министрликтерге конкреттүү тапшырмаларды берип, ЕАЭБдин алкагындагы укуктарыбызды толук кандуу  пайдаланып, мигранттардын кооптонууларын азайтып, кылмыштын чоо-жайын  обьективдүү аныкталышын камсыздап  берүүңүздү суранамын.

Б.Э. Төрөбаев,   “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын лидери

Количество просмотров: 39