Бишкекте март айынын ортосунда 21 жаштагы жаш келин төрөттөн каза болду. Себебин комиссия иликтеп бүтсүн деген жүйөө менен маалымат толук ачыкка чыга элек. Алдыда келиндин кейиштүү окуясын баяндайбыз.
Бегимжандын өмүрү кыйылган каргашалуу окуя үстүбүздөгү жылдын 26-мартында болгон. Өлөрдөн бир апта мурун төрөтканага барган келиндин саламаттыгын текшерген дарыгерлер курсактагы бала чарчап калганын билишкен. Бирок ымыркайды операция жолу менен алып салбай, аял өзү төрөгөнү оң деген корутунду чыгарышкан. Жолдошу Актилек Аликенов ал күндү мындайча эскерет.
Талантбек кызы Бегимжан №16 үй-бүлөлүк медицина борборуна каттого турган. Келин менен курсактагы баланын саламаттыгы 9 айга чейин кандай болгонун билүү үчүн барганыбызда дарыгер менен аталган борбордун жетекчиси иш ордунда жок болуп чыкты.
Маркумдун жакындары өлүмгө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгонун айтышса, ак халатчандар андай дооматтарды четке кагууда.
Келинге эки жолу операция жасалган. Бирок төрөтканага жаңы келгенде өзү төрөйт деп 12 саат бою операция жасашкан эмес. Ал эми медициналык маалым катта баланы кесарево жолу менен гана төрөтүү сунушталып, табигый жол менен төрөй албастыгы белгиленген. Муну анын жолдошуна жөнөткөн билдирүүлөрү тастыктап турат.
19-март күнү түштөн кийин операцияга кирген келиндин абалы кескин начарлаган. 21-март күнү Мамбет Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборуна алынып келинген. 5 күн ажал менен алышып, акыры акка моюн сунган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги жаш эненин өлүмү боюнча атайын комиссия түзүп, кызматтык иликтөө иштерин баштады.
Жалгыз кызын жоготкон Талантбек Касымов күйүтү менен бөлүшүп, иш дыкат иликтенүүсү үчүн Башкы прокуратурага арыз жолдогунун белгиледи.
Ал мончоктой кызынан айрылган атанын арызы боюнча Башкы прокуратурага кайрылганыбызда 14 күндүн ичинде тийиштүү жооп бериле турганы белгилүү болду.
Энелердин өлүмүнө дарыгердин шалаакылыгы себеп болгон учурлар көп эле кездешет. Бирок аны далилдөө кыйын. Ошол себептенби, дарыгердин эне өлүмүнө себеп болду деп жоопкерчиликке тартылган учурлары жокко эсе.