• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Төрага Мамытов Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту

30 Аяк оона 2021 14:51 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 30-сентябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган ЖКнын депутаттары Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов жана Искендер Матраимов Новосибирск, Томск, Кемеров облустарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алгач төрага Талант Мамытов: «Кыргызстандын экономикасына чет жерде иштеген мекендештерибиздин салымы чоң. Келечекте ар бир кыргызстандык өз жеринде эмгектенип, үй-бүлөсүнүн жанында жашоосун камсыздашыбыз керек. Бул биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Өлкөдө туруктуулук болуп, ири долбоорлорду ишке ашырууга жетише алсак, көздөгөн максаттарыбызга жетебиз», — деди.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралардын маселелери боюнча атайын кеңеш түзүлгөнүн эске салган Төрага: «Бүгүн биз сиздер менен миграция саясатындагы бардык көйгөйлөр боюнча баарлашып, кеңири талкуулашыбыз кажет. Жогорку Кеңеш ар бир айтылган маселеге көңүл буруп, алардын чечилишин өз көзөмөлүбүзгө алабыз», — деди.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, мекендештер тарабынан ар кыл көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак, акча которуудагы чектөөлөр, бажыдагы тоскоолдуктар тууралуу сөз кылган Шайлообек Мурзабеков: «Балдарыбыз үчүн кыргыз тилдүү окутуу шарттарын көмөктөшсөңүздөр», — деген сунушун айтты.

Ушундай эле пикирге токтолгон Каныбек Акаев чет жердеги мекендештерибиз эне тилин унутпашы үчүн кыргыз тилдеги тасмаларды, анын ичинен балдарга ылайыктуу көрсөтүүлөрдү тартууну колго алуу шарт», – деп кошумчалады.

Ал эми «Ак-Ниет» коомунун өкүлү Гүлбайра Сүйүналиева маданий окутуу мекемелеринин ачылышына колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Өз кезегинде төрага айтылган маселелер өтө маанилүү экенин белгилеп: «Жогорку Кеңеш тиешелүү чараларды көрөт. Айрыкча балдарга эне тилин окутуу мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу колдойбуз. Бул жаатта атайын программа иштеп чыгууну караштырабыз», — деди.

Ошондой эле мекендештер кош жарандуулук, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, «кара тизмеден» чыгаруу, медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, шайлоого тоскоолдуксуз катышуу маселелерине токтолушту.

Жолугушуунун соңунда чет жердеги мекендештерге колдоо көрсөтүп, мыйзамдуу укуктарын коргоого көмөктөшкөн айрым кыргызстандыктарга Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Количество просмотров: 155