• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төрага Шакиев баштаган депутаттар Казакстанга жөнөп кетти

9 Бирдин айы 202311:01 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 9-февралда төрага Нурланбек Шакиев баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Казакстандын Түркстан шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилеринин I форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, анын алкагында Нурланбек Шакиев бир катар жолугушууларды өткөрүп, БА чөлкөмүндөгү алакаларды арттыруу жаатында парламенттердин ролун жогорулатууга байланышкан иш-чараларга катышат.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов бар.

Количество просмотров: 42