• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

«Түрк аба жолдору» айыл чарба тармагындагы жүктүн баасын арзандатты

23 Теке 202411:17 Бишкек Govori.TV

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Түрк элчилигинин, Turkish Airlines авиалиниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Министрлик кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кытай менен Turkish Airlines авиалиниясынын ортосундагы келишимдин алкагында Бишкектен  Кытайдын Шанхай шаарына айыл чарба жүктөрүн ташуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Кытай менен “Түрк аба жолдору” авиалиниясынын айыл чарба товарларын жумасына 300 тоннага чейин ташуу каралган жана 1 килограмм жүктүн баасы 6-7 доллардан 1-1, 5 долларга төмөндөтүлгөн.

Количество просмотров: 66