• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түрк мамлекеттер уюму Казакстандагы кырдаал боюнча кезексиз жыйынга чогулду

12 Үчтүн айы 2022 10:15 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) тышкы иштер министрлеринин (ТИМ) кеӊешинин Казакстандагы кырдаал боюнча кезексиз жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Ɵзбекстандын, Түркмөнстандын жана Венгриянын тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын жолугушуусу Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылган түрк тарабынын демилгеси менен өткөрүлдү.

Жолугушуунун алкагында тараптар казак тарабына кагылышуу учурунда орун алган адам курмандыктарына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтышты жана жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалашты. Ɵзгөчө акцент Казакстан, боордош түрк мамлекет, Түрк мамлекеттер уюмунун негиздөөчүсүнүн бири жана бул жолугушуунун негизги максаты казак тарап менен тилектештикти билдирүү экендигине коюлду.

Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри М.Тлеуберди жыйындын катышуучуларына Казакстандагы азыркы кырдаал жана аны эӊ тез арада жөнгө салуу боюнча Казакстан Республикасынын Ɵкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри өз сөзүндө Кыргызстан 2022-жылдын биринчи күндөрүнөн бери коңшу Казакстандагы акыркы окуяларга кабатырлануу менен байкоо салып келгенин билдирди. Кыргыз Республикасы терроризмдин бардык формаларына жана көрүнүштөрүнө каршы. Казакстан Республикасында абал турукташуусуна жана тынчтык менен тартип орношуна чын пейилден кызыкдар.

Р.Казакбаев Кыргызстан, казак тарабынын кайрылуусуна байланыштуу, 150 киши санындагы тажрыйбалуу офицерлерден жана контракттык кызматтын аскер кызматчыларынан турган Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн чектелген контингентин, ошондой эле бир катар бронетанк жана унаа техникасын стратегиялык объектилерди коргоо иретинде тынчтык орнотуу операциясына катышуу мандаты менен Казакстанга жөнөткөндүгүн белгиледи.

Ошол эле учурда Р.Казакбаев Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри М.Тлеубердиге жана Казакстандын жетекчилигине каза болгон жарандардын жакындарына жардам көрсөтүлүп, кармалгандарды бошотууга, жарандардын мекенине кайтуусун уюштурууга көмөк көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын тышкы саясий мекемесинин башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин жана башка компетенттүү органдардын ортосунда Казакстандагы акыркы окуялардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар тарабынан укук бузуулар боюнча мындан ары да тыгыз кызматташуу жүрүшү керек экендигин баса белгиледи. Ар бир окуя боюнча Казакстан Республикасынын мыйзамдарынын алкагында, тийиштүү эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге ылайык ачык-айкын, адилеттүү териштирүү жүргүзүлөт деп үмүт артты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри консулдук мамилелер чөйрөсүндөгү эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык, чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн алардын жарандары кармалгандыгы тууралуу өз убагында маалымдоо зарылдыгын белгиледи, ошондой эле тартип бузууларга чет элдик жарандар катышкан фактылар боюнча тиешелүү өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен биргеликте иликтөө жүргүзүүнү сунуштады.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы саясий мекемесинин башчысы региондун туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыздоонун маанилүүлүгүн, эң башкысы, ишкерлер, бизнес жана банктар аралык байланыштар учурдагы кырдаалдан жапа чекпеши керек экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри жакынкы аралыкта Казакстан Республикасында Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Р.Казакбаев бүткүл кыргыз эли казак боордошторго ушул оор күндөрдө терең кайгыруу менен көңүл айтып, элдин бакубаттуулугу үчүн кырдаалдын эртерээк жөнгө салынышын кааларын баса белгиледи. Элдерибиздин байыртадан бери келе жаткан туугандык байланышына таянып, өлкө ичинде эле эмес, чет өлкөлөрдө да Кыргызстандын көптөгөн жарандары кырдаалга аяр мамиле жасап, четте турбай жатканына канааттанганын билдирди. Жолугушуунун катышуучуларына кыргыз эли казак боордошторун Бишкек аэропортунан тосуп алып, авто ыктыярчы катары чек арага жеткирип жаткандыгы жөнүндө маалымдады.

Түрк мамлекеттер уюмунун бардык мүчө жана байкоочу мамлекеттери казак тарабына керек болгон учурда жана казак тарабынын кайрылуусу болгон учурда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Түрк мамлекеттер уюмунун мышкы иштер министрлеринин кеӊеши Казакстандагы кырдаал боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Количество просмотров: 88