• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүлдү

13 Жетинин айы 2021 15:05 Бишкек Govori.TV

Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн лидерлери Стамбул шаарындагы саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү чечимин кабыл алышты.

Чечим Уюмдун макамын жогорулатуу максатында, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши түзүлгөндөн бери жетишилген прогрессти эске алуу менен кабыл алынды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

«Муну менен Түрк кеңешинин мамлекет башчылары мүчө мамлекеттердин ортосунда көп тараптуу форматта макулдашылган иш-аракеттерди камсыз кылууда жана регионалдык жана эл аралык аренада алардын кызыкчылыктарын андан ары илгерилетүүдө Уюмдун ролун жогорулатууга өзүнүн умтулуусун белгилешет.

Жаңы аталыштын берилиши Уюмдун эл аралык аренада позициясын бекемдөөгө жана анын ишмердүүлүгүнүн кеңейүүсүгө дем берүүгө оң таасир этери күтүлүүдө.», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 266