• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Түркия Кыргызстанга аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтөт

14 Жетинин айы 2018 20:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.11.2018.Govori.TV.
Түркия Кыргызстанга аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтөт. Бул туурасында Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин кызматын аткарып келген Ибрагим Жунусов «Азаттык» радиосуна билдирди.
Анын айтымында, Түркия буга чейин 1 миллион долларлык аскердик жардам көрсөтүп келсе, 2019-жылдан тартып ал сумма 2 миллионго көбөйөт.
Ушул тапта Башкы штабдын жетекчилиги Түркияда жүрөт.
13-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырган. Аны бул кызматка Тышкы иштер министрлиги сунуш кылды.
Количество просмотров: 50