• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түркияда кыргыз келин сабалган

27 Жетинин айы 2018 17:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.11.2018.Govori.TV.
Бул тууралуу 27-ноябрда жергиликтүү «Milliyet» гезити жазган. Кабарда Түркиянын Адана шаарында кыргыз келин диний нике менен жашаган күйөөсүнүн зордук-зомбулугуна кабылганы жана үйдөн качып мечитте баш калкалаганы маалымдалат.
Адана шаарындагы Баглар райондук полиция участогунун кызматкерлери «Азаттыкка» бул окуяны кат түрүндө ырасташты. Катта 34 жаштагы кыргызстандык Д.А. Адана шаарындагы Бозкурт мечитинен полиция кызматкерлерине кайрылып, үйүндө күйөөсүнөн таяк жегенин билдиргени жазылган. Окуя 26-ноябрда кеч курун болгон. Д.А. Баглар полиция участогунда күйөөсүнө каршы арыз жазган. Кыргызстандык келиндин Түркияда туруктуу визасы болбогондуктан ал Адана шаардык миграция департаментинде баш калкалап келет.
Былтыр кыргызстандык 680 аял Түркияда расмий никеге турган. Бирок расмий эмес маалыматтарга караганда жыл сайын жүздөгөн кыргыз кыздары түрк жарандары менен турмуш курат.
2017-жылы Түркияда 21 миңге жакын чет өлкөлүк аял түрк жарандары менен расмий никеге турган. Алардын көбү Сириядан, Азербайжандан жана Германиядан барган кыз-келиндер болгон.
Количество просмотров: 26