Эрдогандын катуу сынынан кийин Түркияда Сорос фонду өз ишмердигин токтотот
Эрдогандын катуу сынынан кийин Түркияда Сорос фонду өз ишмердигин токтотот
27 Жетинин айы 201816:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.11.2018.Govori.TV.
Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Соростун «Ачык коом» фонду Түркиядагы ишмердигин президент Режеп Тайып Эрдогандын катуу сынынан кийин токтотот. Немистердин «Deutsche Welle» агенттиги эл аралык кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнүн билдирүүсү чыкканын маалымдады.
Буга чейин түрк лидери америкалык филантропту өлкөлөр ортосунда “ажырымдын отун жагууда” деп айыптаган. Эрдогандын пикиринде, Сорос 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүштүн артында тургандарды каржылаган. Ошондой эле түрк лидери Сорос бир жылдан ашуун түрмөдө отурган ишкер Осман Каваланы колдогон деп санайт. Түрк маалымат каражаттары Сорос фонду 2013-жылы Стамбулдун Таксим аянтында өткөн массалык нааразылык акцияларын колдогон деп жазып турушкан.
Сорос фонду мындай айыптардын баарын четке каккан. Эл аралык фонд дүйнөдө жарандык укуктарды коргоо багытындагы долбоорлорду колдойт.
Turkish Airlines авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдардын санын көбөйтөт
Түркиянын Turkish Airlines авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдардын санын көбөйтөт. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын башчысы …