Түркия Кыргызстандын карызын кечкени белгилүү болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен биргелешкен билдирүүсү учурунда айтты.
“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саламаттык сактоо, энергетика, экономика, айыл чарба, санариптештирүү, коопсуздук жана маданият тармактары боюнча маанилүү макулдашууларга кол коюлду. Ушул мамлекеттик сапар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабын ачкан, кыргыз-түрк мамилелеринин тарыхындагы маанилүү окуя болду десем жаңылышпайм”, — деди Жапаров.
4-ноябрда президент Эрдоган мамлекеттик сапары менен Бишкекке келген.