• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түркия Кыргызстанга 150 миң доза Sinovac вакцинасын берет

8 Аяк оона 2021 10:19 Бишкек Govori.TV

7 -сентябрда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасын башкаруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуу учурунда Түркия Республикасынын элчиси Ахмет Садык Доган мырза Түркия гранттык негизде Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза вакцина берерин билдирди.

«Түрк өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө, ошондой эле биздин жарандарга медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык базаны чыңдоодо чоң колдоо көрсөтүүдө. Эң заманбап жабдуулар менен жабдылган мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасы иштей баштады. Ушунун аркасында көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыкпай дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат деп үмүттөнөбүз. Ал эми Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн иммунизациялоо үчүн вакциналарды өткөрүп берүү жана коронавируска каршы күрөшүүдө калктын ден соолугун чыңдоо чечими биз үчүн жакшы жаңылык. Боордош түрк элине жана Түркия Республикасынын жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирүүгө уруксат этиңиз. Вакцинанын ар бир дозасы — бир адамдын өмүрүн сактап калат. Жарандарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн боордош түрк элинин жардамы абдан маанилүү жана зарыл », — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Количество просмотров: 65