• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түркия менен Саламаттык сактоо жаатында макулдашуулар болду

5 Аяк оона 2019 9:35 Бишкек Govori.TV

3-сентябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жолугушту. Жолугушууда Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасын ачууну тездетүү жана Түркияда квота менен даарыланган кыргызстандыктардын санын 100 кишиден 150 кишиге чейин кѳбѳйтүү боюнча макулдашуулар каралды.
Министр Фахреттин Кожа ошондой эле Кыргыз тарап жер тилкеси бѳлүп берсе Кыргызстанда диагностикалык борбор куруу сунушун киргизди.

Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиядагы кыргызстандык бейтаптарга каралган кохлеардык имплант операциясын тездетүүнү жана Кыргызстандын дарыгерлеринин Түркияда стажировка өтүүсүн макулдашканы кабарланды.

2014-жылы Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, жыл сайын Кыргызстандан 100 бейтап Түркияга келип, акысыз дарыланып жүргөн. 2019-жылы май айында квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлган. Алардын элүүсүн Саламаттык сактоо министрлиги, калганын Түркия элчилиги тандап жиберет.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 30