• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түркия менен Сириядагы зилзаладан өлгөндөрдүн саны 21 миңден ашты

10 Бирдин айы 2023 20:27 Бишкек Govori.TV

Түркиядагы зилзаладан каза болгондордун саны 18 миңден ашты. Бул тууралуу жума күнү вице-президент Фуат Октай билдирди.

Өлгөндөрдүн саны 18 миң 342ге жетти, 74 242 киши жабыркап, 6444 имарат талкаланды.

Reuters кабарлагандай, коңшу Сирияда өлгөндөрдүн саны 3480 кишини түздү. Сириянын мамлекеттик басылмалары билдиргендей, 298 миң киши үй-жайсыз калды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Түркия менен Сириядагы зилзала 23 млн кишиге, анын ичинде 1,4 млн балага залакасын тийгизиши мүмкүн.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанган.

Түркияда 6 миңден ашуун имарат кыйрады. Түркиянын президенти Режеп Эрдоган бул 1939-жылы Эрзинжанда болгон жер титирөөдөн берки эң ири каргаша болуп калганын айтты. Түркияда 12-февралга чейин аза күтүү жарыяланды. Жер титирөө болгон өлкөнүн он аймагында үч айга өзгөчө абал жарыяланды. Бийлик апааттын кесепетин жоюу үчүн 100 млрд лира же 5,3 млрд доллар бөлдү.

Издөө-куткаруу операцияларына 110 миң киши катышууда. Түркияга башка өлкөлөрдөн 5 миңден ашуун куткаруучу келди.

Количество просмотров: 103