Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Украинага каршы баштаган аскердик операциясы боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
«Биз Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Украинага каршы жүргүзгөн аскердик операциясын кабыл алынгыс деп эсептейбиз жана аны четке кагабыз. Минск келишимдерин бузуудан тышкары, бул кол салуу эл аралык укукту одоно бузуу болуп саналат жана биздин аймактын жана бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет.
Өлкөлөрдүн жеринин бүтүндүгү жана эгемендигине сыйланышы керек деп эсептеген Түркия чек араларды курал аркылуу өзгөртүүгө каршы.
Биз Орусия Федерациясын бул адилетсиз жана мыйзамсыз аракетин тез арада токтотууга чакырабыз.
Украинанын саясий биримдигин, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдообуз улана берет», — деп айтылат билдирүүдө.