• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келди

4 Жетинин айы 202423:27 Бишкек Govori.TV

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган жубайы менен бүгүн 4-ноябрда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди.

Эл аралык «Манас» аэропортунда Түркиянын лидерин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жубайы менен тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлдү. Улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулуп, ардак кароол тизилди.

Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин концерттик программасын көрүштү.

Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында стратегиялык кызматташтыктын жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган. Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

6-ноябрда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.

Количество просмотров: 169