Түркия Украинаны калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка караганда, Түркиянын соода министри Омер Болат түркиялык адистер Украинаны калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө катышып, тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирген.
Омер Болаттын жана токой жана айыл чарба министри Ибрагим Юмаклынын жетекчилиги астында түркиялык делегация күн мурун Киеге барып, бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Анда алар Украинанын президенти Владимир Зеленский, Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль жана башка аткаминерлер менен жолугушту.