Түркияда 6,1 баллдык жер титирөө болду. Стамбул, Бурса жана башка бир катар шаарларда сезилген жер титирөөнүн эпицентри өлкөнүн батышындагы Балыкесир провинциясында жайгашкан, деп билдирди Кырсыктардын кесепеттерин жоюу башкармалыгы (AFAD).
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, очогу 11 километр тереңдикте жайгашкан. Эпицентри Стамбулдан 400 километр алыстыкта болгон.
Жер титирөөнүн күчү мегаполистин батыш тарабында 20-30 секундга чейин сезилип, батирлерде люстралар жана эмеректер чайпалган.
Акыркы маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн кесепетинен Сындыргыда кеминде 10 аз кабаттуу имарат урап, дагы 20дан ашык имарат катуу зыян тарткан.
Төрт адам урандылардын астынан тирүү табылып, кеминде эки адам урандылардын астында калууда. Түркиянын Ички иштер министринин билдирүүсүнө ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен 1 адам каза болуп, 29 адам жаракат алган.