• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Түркияда кайра жер титирөө катталды

27 Бирдин айы 2023 16:52 Бишкек Govori.TV

Түркияда магнитудасы 5,6га жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги жазды.

Жер силкинүү бүгүн, 27-февралда саат 12:04төр чамасында Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда болду.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Количество просмотров: 71