Түркияда катуу жер титирөөдөн улам 19 киши каза болуп, 772 киши ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, кечээ, 24-январда Сивриджеде күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал эми буга чейин Түркиянын бийлиги Элязыг жана Малатья аймагында катталган жер титирөөдөн 18 адам каза болуп, 553 киши жаракат алганын кабарлаган.
“Кырсык болгон жерде өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 493 куткаруучу тобу жапырт иштеп жатат. Жер титирөө катталган аймакка 1 689 даана чатыр орнотулду”, — деп айтылат маалыматта.