Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.
Түркиянын Аланья шаарынын көчөсүндө кансырап жаткан кыргызстандык жигитке айланасындагылар жардам берип жаткан учурдун видеосу тарады.
Видеодо «Анталияда кыргыз бала көчөдө өлтүрүлдү» деп жазылган.
Буга чейин Haberler басылмасы жазып, кыргызстандык жаран 40 жаштагы кишинин колунан көз жумгандыгын кабарлаган.
Айрым басылмалардын маалыматына ылайык, Түркиянын Аланья шаарында каза болгон 23 жаштагы жигит Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну болгон.
«Мектепти бүтүргөндөн кийин Ошто фотограф болуп иштеп жүргөн. Ноокаттык кызга үйлөнүп, Түркияга кеткенине 1 айдан ашыптыр. Азырынча сөөгүн өлүкканадан чыгаруу кыйын болуп жатыптыр деп уктук. Жакындары, ата-энеси каза болгонун угушту», -деп айтылат маалыматта.
Маркумдун үйлөнгөнүнө 5-6 ай болгон.