Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 35 миң 418 адамга жетти. Кырсыктан жүз миңдеген жаран жабыркады. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган урандылар астындагы адамдардын баары табылмайынча куткаруу-издөө иштери жүргүзүлө турганын баса белгиледи.
Түркиянын бийлиги кийинки айдан баштап жабыркагандар үчүн 30 миң үйдүн курулушун баштайт.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.