• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Түркияда кыргызстандык 40 жаштагы аял күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн

23 Кулжа 2022 10:11 Бишкек Govori.TV

Өткөн дем алыш күнү Түркиянын Гёреле районунда кыргызстандык К.Н. аттуу келин өлтүрүлгөн. Бул тууралуу түрк ЖМКлары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 20-июнь түнү Гиресун провинциясынын токоюнан аялдын жансыз денеси табылып, ал 1982-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны К.Н. болуп аныкталды. Учурда укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, адам өлтүрүүгө шектелген түрк жарандары М.А. жана Х.Ч. кармалды.

Белгиленгендей, маркум Түркиянын жараны менен жарандык никеде жашап келген. Келиндин үч баласы болгон.

Жарандык жолдошу келинди кызганычтан өлтүргөндүгүн, аялы анын көзүнө чөп салгандыгын билдирген.

Маркумдун сөөгү экспертизадан өткөн соң мекенине жөнөтүлөт.

Количество просмотров: 530