• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Түркияда укук коргоочу Кавала өмүрүнүн аягына чейин кесилди

26 Чын куран 202220:00 Бишкек Govori.TV

Стамбул шаарынын соту белгилүү укук коргоочу Осман Каваланы өмүр аягына чейин түрмөгө кести. 64 жаштагы филантроп, бизнесмен жана коомдук ишмер 2013-жылы Түркияда болгон нааразылык акцияларына байланыштуу бийликти төңкөрүү аракетин көргөн деп айыпталган.

Сот аны мөөнөтүнөн эрте чыгуу укугунан да ажыратты.

Далилдер жок болгондуктан тыңчылык боюнча айыбы алып салынды. Кавала менен кошо дагы 7 киши соттолду, алар мамлекеттик төңкөрүш аракетине көмөкчү болгондугу үчүн 18 жылга кесилди. Соттолгондордун баары өзүнүн күнөөсүз экенин айтууда.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму өкүмдү абсурд деп атады.

Кавала Стамбулдагы Гези паркындагы өкмөткө каршы акцияларды каржылаган жана уюштурган деген айып менен кармалган. Айлана-чөйрөнү коргоо жыйыны саясий митингге айланып, полиция күч колдонгондо баш аламандыкка алып келген. 2020-жылы сот Каваланы актаганы менен, ал эркинидикке чыккан эмес. Ошол эле күнү прокуратура аны кармоого жаңы ордер берген. Ошондо ал президент Режеп Таип Эрдоганды төңкөрүү аракетине катышкан, тыңчылык кылган болушу мүмкүн деп шектелген.

Батыштын бир нече дипломатиялык миссиясынын башчылары былтыр октябрда Каваланы кое берүүгө үндөгөн билдирүү тараткан. Эрдоган жооп иретинде аларды Түркиядан чыгарып жиберүүнү айтып сестенткенден кийин алар дипломаттардын өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөсүн караган эл аралык конвенцияны урматтарын билдиришкен.

Количество просмотров: 117