• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түркияда жер титиреп, бери дегенде 17 адам мерт болду

6 Бирдин айы 2023 12:03 Бишкек Govori.TV

Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагында жер титиреп, бери дегенде 17 адам мерт болду. Бир катар имараттар, үйлөр кыйрады жана мындан улам каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери жүрүп жатат. Өлкөдө өзгөчө абал жарыяланды.

АКШнын Геологиялык кызматы күчү 7,8 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04.17де, Газиантеп шаарынын жанында, 17,9 чакырым тереңдикте болгонун кабарлады.

Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу жалпысынан 10 шаар: Газиантеп, Кахраманмарас, Хатай, Османие, Адияман, Малатья, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис жабыркаганын билдирди.

Жердин силкинүүсү Анкара шаарында дагы сезилди. Ошондой эле жер титирөө башка мамлекеттерде — Кипр, Ливан жана Сирияда дагы катталды.

Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет. Акыркы акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.

Бул өлкөдө эң катуу жер титирөө 1999-жылы 17-августта Дүзже аймагында болгон жана кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 89