Түркияга барган куткаруучулар Кыргызстанга кайтып келишти. Аларды салтанаттуу түрдө тосуп алууну ӨКМ уюштуруп, кызматын татыктуу аткаргандыгы үчүн ыраазычылык айтты.
Тосуп алууга келген ар бир жарандын жүзүнөн куткаруучуларга болгон ыраазычылык, урматтоо байкалып турду.
Куткаруучулар керек болсо өз өмүрүн тобокелге салып, кызмат кылганын жашырган жок. Айрым жан кейиткен учурда көздөрүнө жаш алышкан.
Жардам көрсөтүү ишинде керек болсо иттердин да пайдасы чоң болгон.
Кыргыз-түрк элинин боордош экендигин ушул жагдай ачык көрсөттү. Мындан ары жакшылыктарга ортокштош болгон жаңылыктар көп болсун деген ой-тилектер айтылды.