Түркияда жер титирөөнүн кесепетинен 170 миң имарат кыйраган, бул сан өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган билдирди.
Анын айтымында, кыйраган имараттардын саны менен келтирилген чыгым эсептелип жатат.
«Азыркы учурда келтирилген материалдык чыгым такталып жатат. Азырынча бир нерсе айтуу кыйын. Буга чейин такталган маалымат боюнча дээрлик 170 миң имарат кыйраган. Бул сан көбөйүшү мүмкүн. Ал эми сапатсыз курулуштар боюнча прокуратурага тапшырмалар берилди. Учурда кармоолор болуп жатат. Камалгандардын арасында куруучулар, калаа башчылары бар»,-деди элчи Доган.