• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түркиядан 200дөй кыргызстандык Бишкекке учушту

17 Чын куран 2020 10:25 Бишкек Govori.TV

Түркияда калган 200дөн ашык кыргызстандыктар Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен Кыргызстанга учту. Бул тууралуу мекендештерди Кыргызстанга алып келүү иштерин уюштуруучулардын бири, «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов билдирди.

Түркиядан келе албай калган жарандар боюнча 16-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглу менен телефондон сүйлөшкөн.

Өкмөт буга чейин чет мамлекеттердеги 4000ден ашык кыргызстандыкты алып келүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

15-апрелде Жогорку Кеңеш атайын токтом менен сырттагы мигранттарды алып келүү маселесин чечүүгө өкмөткө бир жума мөөнөт берген. 

Количество просмотров: 87