• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түркиядан келген декларацияланбаган товарлардын ири партиясы кармалды

20 Баш оона 202117:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызсатандык бажычылар Түркиядан келген декларацияланбаган товарлардын ири партиясын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

17-августта Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы, Ички териштирүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Түркиядан Кыргызстандын “А.L.G.” ЖЧКсынын дарегине келген бажы жаатында декларацияланбаган товарлар аныкталган.

Жалпы салмагы 52 миң 898 кг түзгөн жүктөрү (элдик керектөө товарлары) менен үч жүк ташуучу транспорт каражаттары кармалган.

Аталган факт каттоого алынып, кармоонун материалдары тергөөгө караштуулугу боюнча УКМКга берилген.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы жана товарлардын наркы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында белгиленет.

Количество просмотров: 206