• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Түркиядан Ташкентке дагы бир өзбекстандык аялдын сөөгү жеткирилди

13 Бирдин айы 2023 17:53 Бишкек Govori.TV

13-февралда Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Ташкентке намангандык 42 жаштагы аялдын сөөгү жеткирилгенин билдирди. Ал Түркиянын түштүк-батышындагы Шанлыурфа шаарындагы зилзаладан каза болгон.

Маалыматка караганда, маркум Наманган облусуна караштуу Нарын районунда жашаган. 2022-жылы ноябрда Түркияга иштөө үчүн кеткен.

«Туугандарынын айтымында, аял 6-февралда болгон жер титирөөдөн аман калган. Бирок машинеде кетип баратып, үйлөрдүн кулап жатканын көрүп, жүрөгү кармаган жана кийин ооруканада көз жумган. Маркумдун мурда эле жүрөгү ооруп жүргөн», деп айтылат билдирүүдө.

11-февралда Өзбекстанга Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай аймактарында жашаган эки өзбекстандык аялдын сөөгү жеткирилген.

Соңку маалыматтар боюнча Түркияда зилзаладан 29.500дөй киши өлдү. Al Jazeera телеканалы Сирияда 4500 адам каза болгонун кабарлады.

Количество просмотров: 119