14-февраль саат 10-00гө жер титирөөдөн жабыркаган Түркия Республикасынын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 13млн 962 603.7 сом жана 12 550 рубль чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги тараткан маалыматта айтылат.
Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 — «Учурдагы жардам».