• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Түркияга чогулган каражатты эсептей албаган Финансы министрлиги сынга калды

14 Бирдин айы 2023 10:20 Бишкек Govori.TV

7-февраль күнү Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Министрлик 10-февралда атайы 12 миллион 350 миң сом эсепке чогулганын айткан.

Ал эми 13-февралда министрлик кайрылуу кылып, кыргыз өкмөтү тарабынан ачылган атайын эсепке 5 миллион сомдой гана чогулганын буга чейинки маалыматта ката кеткенин билдирген.

«Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, бизге валютасы (сом, рубль) белгиленбей таблица түрүндө отчет берилген. Ушуга байланыштуу кечирим сурайбыз. Жаңы такталган маалымат боюнча, 13-февраль саат 10:00гө карата жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган эсепке 4 миллион 958 миң 834 сом жана 12 550 миң рубль чогулду», — деп билдирди маалымат кызматы.

13-февраль саат 16-00гө карата маалымат жарыялаган Финансы министрлиги атайын эсепке 13 млн 958 413,70 сом, жана 12 550 рубль чогулганын билдирди.

Бир нече жолу жаңыланган маалымат талкууга алынып, күмөн жаратты. Экономика министринин мурунку орун басары Эльдар Абакиров мындай мүчүлүштүктөрдөн улам мамлекетке ишеним төмөндөй турганын белгиледи.

«Бир так эсептер болуш керек. Ал эми чогулган жалпы сумманы онлайн түрдө элге көрсөтүп койсо болмок. Негизи эле жардам иретинде чогулуп жаткан каражаттарды каякка кеткенин, натыйжа кандай болгонун так көрсөтүп туруу зарыл. Болбосо мамлекетке ишеним төмөндөйт»,-деди Абакиров.

Количество просмотров: 284