• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түркиянын ири ишканасы Кыргызстанга инвестиция салат

29 Баш оона 202412:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Түркиянын курулуш өнөр жай тармагындагы эң алдыңкы компаниялардын бири “Өздоган Групп” компаниясынын ээси Али Өздоган жана анын командасы менен жолугушту.

Жолугушууда Чынгыз Токтобеков инвесторлор үчүн даярдалган Кыргызстандын потенциалы тууралуу таанытым менен тааныштырды.

“Өздоган Групп” компаниясынын күчтүү инфраструктурасы жана тажрыйбасы менен Кыргызстанда маанилүү долбоорлорду ишке ашыра ала тургандыгы баса белгиленип, ушул жылдын сентябрь-октябрь айларында Кыргызстанга келээрин айтты.

“Өздоган Групп” Түркиянын жер кыртышын тазалоо боюнча эң чоң компаниясы болуп эсептелет. Азыркы тапта компанияда 3500 киши иштейт. Ал эми жылдык кирешеси орто эсеп менен 500.000.000 долларды түзөт.

Количество просмотров: 106