Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.
Алдын ала маалыматка караганда, элчи Орхан Инандынын маселеси боюнча чакырылган.
«Сүйлөшүүнүн чоо-жайы жана мазмуну министр менен элчинин жолугушуусунан кийин белгилүү болот», — деп билдиришти министрликтен.
Кыргыз жараны Орхан Инанды Түркияда экени ачыкталды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Министрлер кабинетинин жыйынында өзү билдирди. Орхан Инанды 1-июнда дайынсыз жоголгон. Аны издөөнү президент Садыр Жапаров күч органдарына тапшырган. Аны издөө ИИМге жүктөлүп, «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.