Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкцияларды киргизгенден кийин Түркмөнстандын бийлиги Орусияга азык-түлүк экспортун көбөйтүү боюнча аракеттерин күчөттү. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, өткөн аптада Мары облусунун Каракум районунда жергиликтүү дыйкандардын катышуусунда атайын жыйын өтүп, жашылча-жемиштерди өндүрүүнү көбөйтүү зарылдыгы айтылган.
«1-апрелде Каракум районундагы маданият үйүндө атайын жыйын өттү. Ага аймактагы күнөскана ээлери менен дыйкандар чакырылып, Орусияга айыл-чарба азыктарынын экспортун көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү түшүндүрүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Марттын аягында Москвага киргизилген эл аралык санкциялардын фонунда Түркмөнстандын бийлиги жергиликтүү ишкерлер менен дыйкандарга кайрылып, Орусияга айыл жана мал чарба азыктарынын экспортун көбөйтүү пландалып жатканын эскерткени кабарланган.