• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Түркмөн президентинин учагы Кыргызстанга конду

21 Теке 202210:28 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан мейманды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Бүгүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да өлкөгө келди. Кечээ, 20-июлда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келишкен.

Количество просмотров: 342