Бишкек. 13.12.2018. Govori.TV
Түркмөнстан мамлекети келе жаткан 2019-жаңы доңуз жылын тосушпайт.
Камандын сүрөтү тартылган картиналар, плакаттар, календарлар Түркмөнстандын базарларында сатылуусуна тыю салынды.
Бул чектөөнүн негизги себебин жергиликтүү бийлик “Ислам” дининде чочко арам болуп саналганы менен түшүндүргөн.
Дүйнө жүзүндөгү айрым мамлекеттер жаӊы жылды башка күндөрү белгилешет. Мисалы, Кытай жана Вьетнам эли 21-январдан 21-февралга чейинки аралыкта майрамдашат. Ал эми еврейлер 5-сентябрдан 5-октябрь аралыгында жаӊы жылды тосушат. Иран календары боюнча жашаган мамлекеттерде жаӊы жыл 21-22-март күндөрү келсе (Нооруз-Жаӊы күн), бангладештиктер 14-апрелди жылдын жаӊырган күнү катары белгилешет. Жер жүзүндөгү мамлекеттердин бул майрамга болгон мамилеси канчалык түрдүү болбосун, баары бир расмий түрдө 1-январдан тартып кийинки жылдын саналышы башталат.